Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛК ЖАЛДОО (ИЖАРА) КЕЛИШИМИ – жалдоого берүүчү (ижарага берүүчү) жалдоочуга (ижара алуучуга) акысына мүлктү убактылуу ээлик кылуу менен пайдаланууга же убактылуу пайдаланууга гана берүүчү жарандык-укуктук келишим. Анын натыйжасында ижарачы алган жемиштер, азыктар жана кирешелер, эгер М. ж. к-нде башка жагдай каралбаса, анын менчиги болуп саналат.